• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эки жарым айдай ооруканада бейтаптарды дарылап, дем алышсыз иштедик – дарыгер

COVID - 19 0

27-август күнү президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен күрөшүүдө көрсөткөн кайратман жана ак ниет эмгеги, туруктуулугу жана чыдамкайлыгы, жарандык милдетине берилгендиги, адам өмүрүн сактоо ишиндеги кесипкөйлүгү үчүн "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" Жарлыкка кол койгон.

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары, "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери" Айнура Узакбаева пандемия учурундагы иши жөнүндө айтып берди.

- Коронавируска каршы күрөшүү кайсы күндөн тарта башталган?

- Январь айынан бери бизде даярдануу иштери жүрдү. Мен ыкчам штабда Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы эксперттик-консультативдик комиссиянын мүчөсү болгом. Январь, февраль айларында күн сайын чет жерден келген жарандарды текшерип жаткан обсервацияларга барып жаттык. Биздин ооруканада дагы 2 жугуштуу оорулар бөлүмү ачылган. Инфекционисттер өлкөбүзгө келген жарандарга байкоо жүргүзүп, үйлөрүнө дени сак жарандарды кое берип жатты.

- Карантин учурунда иштөө кыйынга турдубу?

- 23-мартта жугуштуу оорулар ооруканасында коронавирус менен ооругандарды кабыл ала баштадык. Менин кесиптештерим, биздин командабыздын бардыгы 23-марттан бери ооруканабыздын аймагында иштеп калышты. Ооруканада 204 орундук түзүлдү. Дээрлик 400 кызматкер: дарыгерлер, медайымдар, санитарлар жана башка кызматкерлер эки жарым айга жакын ооруканада бейтаптарды дарылап, дем алышсыз иштедик. Ооруканада жашадык десек болот.

- Азыр абал кандай?

- Биздин оорукана учурда коронавирус жана пневмония менен ооруган адамдарды кабыл алууда. 12-сентябрда оорукананын кадимки режимде иштөөсү жөнүндө буйрук чыккан. Бирок биздин базага Кыргыз-Түрк ооруканасынын 70 керебети жайгаштырылган. Ал жерде биздин кызматкерлер иштеп жатышат. Ушул убакка чейин биздин оорукана оперативдүү түрдө иштеп, сыртка чыкпай өз милдетибизди аткарып жаттык. Жалпысынан бир жума мурун абал турукташып, бейтаптар азыраак кабыл алынган. Акыркы 3-4 күндө Бишкек шаарында бейтаптардын саны өсүүдө. Күн сайын болжол менен 20-25 бейтап кайрылса, алардын 10у оор абалда ооруканага жаткырылууда.

- Жумуш үстүндө кандай кыйынчылыктарга туш болдуңар?

- Жумушка кезек-кезеги менен чыгып жаттык. Буга чейин оорубай эле иштеп жаткам, бирок июнь айынын аягында өзүм ооруп калдым. Оор абалда жандандыруу бөлүмүндө кычкылтек аппаратына туташтырылган бойдон жаттым. 15 күндөй реанимацияда болдум. Коронавирус күч алган учурда мен дагы ооруп жаткам.

- Коронавирустун экинчи толкунуна кандай даярдык жүрүүдө?

- Экинчи толкун күз-кыш мезгилине туура келет. Ал курч респиратордук вирустук оорулардын мезгили жана негизинен балдар ушул мезгилде оорушат. Андыктан балдарга басым жасайбыз. Жазында жана жайында өнөкөт оорулары бар улгайган адамдар көп оорушат, суук түшкөндөн кийин балдар сасык тумоо жана башка оорулар менен ооруй баштайт. Коронавирус менен курч вирустар чогуу боло турган болсо, анда балдар арасында ооруу күч алышы мүмкүн.

- Бул сиздин биринчи сыйлыгыңызбы?

- Былтыр дагы президенттен грамота алгам.

Пикир

Оставить комментарий