• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эки жаш жигит каракчылыкка шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.09.19. /Кабар/. Бишкек шаарында эки жаш жигит каракчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Милициядан белгилешкендей, 30-август күнү Ленин райондук милициясына Р.М. аттуу шаар тургуну кайрылып, 30-август күнү болжол менен саат 23:00дө белгисиз бирөөлөр Пушкин-Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде күч колдонуп жана бычак менен коркутуп "Хуавэй" үлгүсүндөгү телефонун жана 2 миң сомун тартып алышканын билдирген.

Ошол эле күнү, Ленин райондук милициясына Р.А. аттуу жаран кайрылып, болжол менен саат 23:00дө белгисиз бирөөлөр Пушкин-Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде күч колдонуп жана бычак менен коркутуп "Филипс" үлгүсүндөгү телефонун жана 2 миң 870 сом акчасын тартып алганын айткан.

Бул окуялар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынып, Кылмыш кодексинин 202-беренеси ("Карактоо") боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул ишке шектүү катары 23 жаштагы Ж.Т. жана 19 жаштагы Б.Б. кармалган.

Алар убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Милиция кызматы, аталган шектелүүчүлөрдөн жабыр тарткандар болсо же кандайдыр бир маалыматы болгондорду 0(312) 44-44-57, 0(550) 102 219, 0(709) 793 971 жана 102 номерлерине кайрылууларын өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий