• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эки жаш жигит унаа уурдоого шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.08.19. /Кабар/. Эки жаш жигит унаа уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Милициядан белгилешкендей, 29-июль күнү Октябрь райондук милицияга Б.К. аттуу шаар тургуну кайрылып, 28нен 29-июлга караган түнү болжол менен саат 02:00дө "Кара-Жыгач" тарапта белгисиз бирөөлөр "Фольксваген Гольф-3" унаасын айдап кеткенин билдирген.

Бул окуя Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде 206-берене боюнча каттоого алынган.

Бул ишке шектүү катары 2001-жылы туулган С.Ж. жана Т.С. аттуу балдар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий