• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эки жашар баласын таксиге унутуп кеткен эне табылды

Дүйнө 0

Бишкек, 06.05.19. /Кабар/. Россиянын Ростов-на-Дону шаарында мас болгон апасы эки жашар уулун таксиге унутуп кеткен. Бул тууралуу Ростов облусунун ИИМнин Башкы башкармалыгы билдиргенин РИА Новости жазат.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 28-апрель күнү такси кызматынын унаасында калып кеткен 2,5 жаштагы бала ооруканага түшкөндүгү тууралуу билдирүү болгон.

ИИМден билдиришкендей, учурда баланын саламаттыгы жакшы.

“Энеси ошол маалда мас абалда болгондугу аныкталган. Жашы жете электердин иши боюнча бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан административдик протокол түзүлүп, баардык чогултулган документтер балдар иши боюнча Акыйкатчыга, жашы жете электер боюнча комиссияга жана камкордук алуу органдарына өткөрүлүп берилет”, - деп айтылат маалыматта.

Азырынча бала ооруканада калууда.

Пикир

Оставить комментарий