• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Эки жумушчу курулуп жаткан үйдөн кулап, бирөөсү каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 19-июль /Салтанат Абдраева – Кабар/. Бишкекте эки жумушчу курулуп жаткан үйдөн кулап, бирөөсү көз жумду. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык Түштүк магистраль менен Бах көчөсүнүн кесилишинде орун алган. Маалым болгондой, анда сактап туруучу зым үзүлүп кеткен.

“Кырсык болгон жерде Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тобу иш алып барууда. Кырсыктын себептери териштирилип жатат. Азырынча курулушчулар кандай бийиктиктен кулап түшкөнү такталууда”,-деп жазылат ИИМдин маалыматында.

Тез жардам кызматы 12.42де чалуу келип түшкөнүн, Тыналиев 20 дарегине эки бригада чыгып кеткенин айтышкан. Кулаган эки кишинин бирөөсү каза болуп, экинчиси ооруканага жаткырылганы маалымдалды.

Пикир

Оставить комментарий