• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эки жыл ичинде эки жана көп тараптуу 174 иш-чара жана сапарлар болду – Айдарбеков

Саясат 0

Бишкек, 12.11.19. /Кабар/. 2018-жылдан тарта эки жана көп тараптуу 174 иш-чара жана сапарлар болду. Бул тууралуу тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков "КР Тышкы иштери министрлигине 75 жыл. Кыргыз Республикасы менен Бириккен Улуттар Уюмунун кызматташуусунун жыйынтыктары жана келечеги" аталышындагы форумда билдирди.

Ал белгилегендей, быйылкы жыл Кыргызстан үчүн маанилүү жылдардан болду.

"Акыркы эки жылда эл аралык уюмдар менен алака бекемдеди", - деди ал.

Ал белгилегендей, 2018-жылдан тарта эки жана көп тараптуу 174 иш-чара жана сапарлар уюштурулган.

"Алардын ичинде 73 сапар жана иш-чара чет өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын катышуусу менен өткөн. Ошондой эле Кыргызстандын жетекчилигинин катышуусу менен чет жерлерге 101 сапар жана иш-чара болгон", - деди ал.

Ошондой эле Айдарбеков башка өлкөлөр менен түзүлүп жаткан дипломатиялык алаканы тууралуу да айтып өттү.

"2018-2019-жылдары Кыргызстан 18 өлкө менен дипломатиялык алака түздү. Андан тышкары консулдук кызмат менен элчиликтерди ачуу иштери жүрүп жатат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий