• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Эки жылдан кийин Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда аба каттамы жанданды

Коом 0

Бишкек, 04.07.22. /Кабар/. Эки жылдан кийин Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы аба каттамы жанданды. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам убактылуу токтотулган Үрүмчү — Бишкек — Үрүмчү багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдар кайра жанданууда.

2022-жылдын 5-июлунда "Түштүк Кытай аба жолдору" авиакомпаниясы каттамдарды жумасына бир жолу – шейшемби күндөрү аткарат. Учуу убактысы эки саат.

Пикир

Оставить комментарий