• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Экинчи чейректе окуучулар кандай окушат? – Саламаттык сактоо министрлигинин жообу

Билим 0

Бишкек, 03.10.20. /Кабар/. Бүгүн “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев экинчи чейректе окуучулар мектепке барып окуп баштайбы деген суроого жооп берди.

Анын айтымында, учурда экинчи чейректе балдардын мектепке барып-келип окуу маселеси каралууда. Азырынча кайсы класстар 11-ноябрдан тарта мектепке бара баштай турганы чечилип жатат.

“Аймактарда окуу процесси облус башчыларынын, ал жактагы комиссиясынын чечими боюнча мектептердин шартына жараша карала турган болду. Ошондой эле шаарда мектепке 5-класска чейинки окуучулар же 5 жана 11-класстар бара турганын карап жатабыз. Башында эки жума байкаштырып көрүп, балдардын мектепке баруусу эпидемиологиялык кырдаалга таасир этпесе балдар мурункудай окуй баштайт. Себеби балдар билим алышы керек болуп жатат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий