• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ыктыярчылары сыйланды

Маданият 0

Бишкек, 24-февраль /Кабар/. 17-февраль күнү Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ыктыярчыларын сыйлоо аземи болду. Сыйлоо аземинде “Ассорти” Бекбай Тыныбек уулу жетектеген “Алга” жана Союзбек Надырбеков жетектеген Кыргызстандагы жалпы ыктыярчылар командалары, КР президенти А.Атамбаев атынан ыраазычылык сертификаты менен сыйланышты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Ыраазычылык сертификаттарын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин орун басары Жаманкулов Азамат Капарович, Көчмөндөр оюндарынын уюштуруу боюнча катчылыгын өкүлү Айбек Бабакулов жана жалпы ыктыярчыларды жетектеген Союзбек Надырбеков ыйгарышты.

Сыйлоо аземи чакан концерттик программа менен коштолуп, ыктыярчылардын аткарган жумуштары боюнча жалпы жыйынтыктоочу видеоролик көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий