• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Экинчи ирээт оңдолгон “Көз айнек” арт-инсталляциясын кайрадан талкалап кетишти

Коом 0

Бишкек, 22.09.17. /Нуркыз Сабырова - Кабар/. Бишкектеги Жаштар аллеясында жайгашкан “Көз айнек” арт-инсталляциясын кайрадан экинчи ирээт белгисиз адамдар талкалап кетишти. Бул тууралуу “Тазалык” МИнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ишкананын кызматкерлери аталган арт-объектти кайрадан оңдоп чыгышты. Учурда арт-инсталляцияны талкалап кеткен бейбаштарды издөө иштери уланууда.

Эске сала кетсек, 18-сентябрда инсталляцияны белгисиз бирөөлөр талкалап кетишкен. Окуянын эртеси күнү эле “Тазалык” МИнын кызматкерлери “Көз айнек. Көз караш” арт-инсталляциясын оңдоп чыгышкан.

Белгилей кетсек, арт-инсталляция Жаштар аллеясына 2016-жылдын 27-июлунда орнотулган.

Пикир

Оставить комментарий