• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

ЭКККМК башчысы ЖОЖдо акча талап кылгандыгын билдирип чыккан индиялык студенттер тууралуу айтып берди

Коом 0

Бишкек, 26.07.18. /Кабар/. Эл аралык бизнес жана илим университетинде алардан акча талап кылынгандыгын айткан индиялык студенттер өздөрү ал иштин катышуучусу болушу мүмкүн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Эмил Жамгырчиев билдирди.

Эске салсак, буга чейин Индиядан келген студенттер Бишкекте өткөн маалымат жыйынында өздөрү окуп жаткан Эл аралык бизнес жана илим университетинде алардан акча алып жатышканын айтып чыгышкан. Алар аталган жогорку окуу жайдын негиздөөчүсү Н.А. ар бир студенттен 2 миң 900 доллардан акча алып, кийин аларды университеттен чыгарып салышканын айтышкан. Студенттер ЭКККМКга бул окуя боюнча 22 арыз жазышкан. Ал эми Билим берүү министрлиги ал окуу жай лицензиясынан ажыратылганын билдирген.

Жамгырчиевдин билдиргенине караганда, индиялык студенттер алгач алардан акча топтоп, аны окуу жайдын башчысына берген старостага карата арыз жазышкан. Ага карата кылмыш иши козголгон.

“Ошол учурда арыздануучу жок болуп кетти. Аларды издешип, бирок таба алышкан эмес. Өткөн жумада индиялык студенттер кайрадан пайда болушту. Көрсө ортомчу Индиянын жараны эмес экен, акчаны ал чогултпай, ЖОЖдун негиздөөчүсү Асаналиев алган экен. Тергөө учурунда чет өлкөлүк студенттер акча бергендиги тууралуу фактты ырастай алышкан эмес”, - деди ал.

Төраганын орун басары учурда тергөө сурактары жүрүп жатканын, аны менен катар проректордун ишмердүүлүгүн текшерүү жүрүп жатканын кошумчалады.

“Биз бул менен чектелип калбайбыз. Ким канча акча чогултканын текшерүүдөбүз. Бул фактты объективдүү түрдө текшерип жатабыз. Пара бергени айтылып жаткан студенттерге дагы суроолорубуз бар”, - деди Жамгырчиев.

Пикир

Оставить комментарий