• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ЭКККМК быйыл эмне жумуштарды аткарды - сандар сүйлөйт

Коом 0

Бишкек, 26.07.18. /Кабар/. 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында 981 бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын ыкчам башкармалыгынын башчысы Сагынбек Абдылдаев билдирди.

Анын айтымында, андан келген зыяндын суммасы 3 миллиард 914 миллион сомду түзгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 1 миллиардга көбүрөөк. Мамлекеттин бюджетке 2 миллиард 387 миллион сом төлөнгөн.

Ошондой эле жарым жылдын ичинде 920 иш каралган, текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 715 кылмыш иши козголгон.

Мамлекетке каражаттарды төлөө көбүнчө аймактык казыначылык аркылуу ишке ашкан (1 миллиард 248 миллион сом).

Салык кылмыштары боюнча 344 текшерүү болуп, келтирилген зыян 2 миллиард 122 миллион сомду түзгөн. Мыйзамсыз ишкердик боюнча 574 факт аныкталган. Жалган ишкердик боюнча 18 кылмыш иши козголгон.

Аткезчилик боюнча 87 факт аныкталып, андан 76,3 миллион сом мамлекетке кайтарылган. Ал эми өлкөгө мыйзамсыз күйүүчү-майлоочу материал алып келүү боюнча 40 факт катталган.

Пикир

Оставить комментарий