• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ЭКККМК укук коргоо органдарынын бирдиктүү депозиттик эсебине 63 миллион сомдон ашык каражат которду

Коом 0

Бишкек, 31.06.18. /Кабар/. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (ЭКККМК) өкмөт тарабынан түзүлгөн укук коргоо органдарынын бирдиктүү депозиттик эсебине биринчи ирет акча которду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ЭКККМК эсепке 63 миллион 362 миң 758 сом которгон. Буга чейин мамлекетке төлөнгөн акчалар Финансы министрлигинин казыначылыгынын эсебине которулчу.

Бирдиктүү депозиттик эсеп Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери боюнча мамлекетке зыян келтирүүдөн түшкөн каражаттарды каттоо үчүн түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий