• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

ЭККМК коррупция менен күрөш эсебине 8 млн. сомдон ашык каражат которду

Коом 0

Бишкек, 15.10.18. /Кабар/. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы коррупция менен күрөштөн өндүрүлгөн каражаттар топтолчу бирдиктүү эсепке 8 млн. 859 миң 554 сом которду.

ЭККМК тарабынан которулган жалпы каражаттын эсеби 185 млн. 458 миң 288 сом болгон.

«Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акчалай каражаттарды бөлүштүрүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтом Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде каралган процедураларды эске алуу менен кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий