• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ЭККМК коррупция менен күрөш эсебине дагы 5,2 млн. сом которду

Коом 0

Бишкек, 22.10.18. /Кабар/. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (ЭККМК) коррупция менен күрөштөн өндүрүлгөн каражаттар топтолчу бирдиктүү эсепке дагы 5 млн. 233 миң 420 сом которду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Бардыгы болуп ЭККМК 190 млн. 691 миң. 709 сом которгон.

"Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акчалай каражаттарды бөлүштүрүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтом Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде каралган процедураларды эске алуу менен кабыл алынган. Документке ылайык, эсеп казналык тутумда акчалай каражаттарды эсепке алуу жана топтоо үчүн ачылган.

Пикир

Оставить комментарий