• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Финансы полициясынын кызматкерлери мыйзамсыз бензин ташып бара жаткан жүк ташуучу унааны кармашты

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.01.20. /Кабар/. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (Финансы полициясы) жана Чүй облустук ИИББинин кызматкерлери күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз өткөрүү фактысын аныкташты. Бул тууралуу ЭККМК басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 2-январында Чүй облусунда коштомо документтери жок, бензин жыттанган суюктук куюлган жүгү бар жарым чиркегич идиши менен "Вольво" үлгүсүндөгү унаа кармалган.

Азыркы убакта аталган унаа жагдайлар аныкталганга чейин айып короосуна киргизилген.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Пикир

Оставить комментарий