• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

ЕККУ байкоочулары: президенттик шайлоо бийликти өткөрүүнүн жакшы үлгүсү болду

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 16.10.17 /Салтанат Абдраева – Кабар/. “Президенттик шайлоо мамлекеттик бийликти өткөрүүнүн жакшы үлгүсүн түздү”, - деп билдирди украиналык парламенттин мүчөсү, ЕККУ байкоочулар тобунун жетекчиси Артур Герасимов бүгүн журналисттер менен жолугушууда.

Анын айтымында, бул президенттик шайлоо Кыргызстанда абдан маанилүү окуя болду. Ал бул шайлоолор бир президенттин экинчисине бийликти өткөрүп берүүдөгү жакшы үлгүсү болгонун белгиледи. “2015-жылдан тарта, биометрикалык маалыматтар киргизилгени ал жакшы натыйжа берди. Жарандардын көбү катталбагандыктан катыша албай калышты. Бул көйгөй бар, Кыргызстандын бийлиги аны тезинен четтетүүсү керек”, - деди ал.

Герасимов белгилегендей, көптөгөн байкоочулар көпчүлүк шайлоо тилкелери майыптарды кабыл алууга даяр эместигин байкашкан. “Айрым тилкелерде мен милиционерлер эл аралык байкоочулар, ЖМК өкүлдөрү үчүн эшиктерди жапканын байкадым. Кыргызстандын бийлиги бул учурларды иштеп чыгышы керек. Анткени бул өлкөнү мамлекеттин ичинде жана аймакта консолидациялоо үчүн абдан маанилүү”, - деп билдирип, жалпысынан шайлоо демократиялуу өткөнүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий