• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

ЕККУ баш катчысы Абылгазиевди Премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 01.05.18. /Кабар/. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) баш катчысы Томас Гремингер Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди Өкмөт башчы кызматына дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:

«Сизди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышыңыз менен куттуктайм.

Кыргызстан ЕККУга мүчө-өлкө катары жогору баага ээ болгон мамлекет бойдон калууда. Биз көптөгөн глобалдык коопсуздук чакырыктарынын алкагында ЕККУ жалпы аймагындагы туруктуулукка жана кызматташтыгыбыздын чыңдалуусуна жана уланышына үмүттөнөбүз. Буга байланыштуу Кыргызстандын аталган ишке карата жасаган үзгүлтүксүз салымы чоң мааниге ээ.

2018-жылдын 22-23-майында менин Кыргызстанга карай сапарым орун алат жана мен ЕККУ жана сиздердин өлкө ортосунда түзүлгөн жагымдуу кызматташтыкты чыңдоо максатында Сиз менен жолугушууга ынтызармын. Сиздин жетекчилигиңиз астында биз учурдагы өз-ара пайдалуу мамилелерди келечекте улантабыз деген ишенимдемин.

Сиз Элчи Пьер фон Аркс жетектеген анын ишенимдүү командасы иш алып барган Бишкектеги ЕККУ Программалык кеңсесинин колдоосуна таянсаңыз болот деп ишендирип кетем.

Үстүбүздөгү жылы ЕККУ нун Кыргызстанда иш алып баруусуна 20 жыл толгондугу белгиленет жана мен Сиздин көптөгөн жылдар бою пайдалуу ролду ойноп келген Кеңсенин ишин колдоого алууну улантып кетээриңизге ишенем», - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий