• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

ЕККУ Баткен облусуна жеке коргонуучу каражаттарын берди

Аймак 0

Бишкек, 03.08.20. /Кабар/. Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги кеңсеси Баткен облусуна жеке коргонуучу каражаттарын тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жеке коргонуучу каражаттар комбинезон, беткап, колкап, көз айнектерден турат.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов, ЕККУнун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, аталган уюм Баткен облусунун ар тараптуу өнүгүүсүнө ар дайым кол сунган ишенимдүү өнөктөшү экенин белгилеген.

Жеке коргонуучу каражаттар Саламаттыкты сактоо министрлигинин Баткен облусундагы координаторуна тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий