• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЕККУ кыргыз өкмөтүнө приоритеттүү милдеттерди ишке ашырууда колдоо көрсөтүүнү улантат

Саясат 0

Бишкек, 25.09.19. /Кабар/. Күн мурун БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясынын аянтчасында КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун ЕККУнун башкы катчысы Томас Гремингер менен жолугушуусу болуп өттү.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө ЕККУнун Кыргыз Республикасындагы ишмердүүлүгүнүн 20 жыл аралыгында коопсуздуктун үч өлчөмүндөгү – аскердик-саясий, экономикалык-экологиялык жана гуманитардык багыттардагы кызматташтыкта жетишилген прогресс канааттануу менен белгиленди.

Ч.Айдарбеков улуттук жана регионалдык коопсуздукту камсыздоодо көмөк көрсөтүү максатында ЕККУ менен активдүү өз ара аракеттенүүнү улантуунун маанилүүлүгүн билдирген.

"Тараптар Кыргызстан менен ЕККУнун мындан аркы өз ара аракеттенүү маселелерин кеңири талкуулашты жана кызматташууну бекемдөө ниетин билдиришти. Өлкөнүн өнүгүүсүнүн улуттук стратегиялык документтеринин алкагында артыкчылыктуу милдеттерди ишке ашырууда ЕККУ кыргыз өкмөтүнө колдоо көрсөтүүнү улантат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий