• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ЕККУ менен Баткен облусу кызматташуусун жандантуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Аймак 0

Бишкек. 18.05.19 /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) өкүлдөрү менен жолукту.

ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин башчысы Пьер фон Аркс мырза баштаган өкүлдөрү менен жолугушууда, ЕККУ менен Баткен облусу үч тармакта кызматташууну макулдашышты. Алар экономиканы өнүктүрүү, радикализм, экстримизмге каршы күрөшүү жана коопсуздук багытында кызматташуууну талкуулашты.

Ыйгарым укуктуу өкүл ЕККУнун колдоосу менен бүгүн 17-майда Баткен шаарында "Ишкердикти колдоо" борборунун ачылуусуна колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирип, бул борбор Баткен аймагындагы жеке ишкерлердин ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө зор салым кошот деген ишеничин билдирди.

Белгилей кетсек, аталган борбор жаңыдан ишкердикти баштаган жана ишкердигин өнүктүрүүнү каалаган жарандарга маалыматтарды жана кеңештерди берет.

Ошондой эле ЕККУнин колдоосу менен аймакта радикализм жана экстримизмдин алдын алуу жаатында иштерди улантуу, жаштарды атайын окуулардан өткөрүү маселелери айтылды.

Жолугушууда аталган уюмдун колдоосу менен, алдыда Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын жана кошуна мамлекеттердин чектеш облустарынын катышуусунда чоң бизнес Форум өткөрүү пландалып жаткандыгы маалым болду.

ЕККУ жана Баткен облусу аймактын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында да тыгыз кызматташып келет. Учурда облуста бул жаатта үч көчмө кабылдама иштейт. Алар алыскы аймактардагы жарандардын арыз даттанууларын кабыл алып, укуктук жана юридикалык жардамдарды көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий