• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЕККУ менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 15.02.21. /Кабар/. КР Тышкы иштер министрлигинин 6-саясий департаментинин директору Э.Өмүралиев ЕККУнун Кыргызстандагы Программалык кеңсесинин башчысы - элчи Пьер фон Аркс менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун максаты - ЕККУнун Кыргызстандагы кеңсеси менен Кыргызстандын тышкы саясат ведомствосунун ортосунда узак мөөнөттүү ишкердик байланыштарды түзүү, ошондой эле экономикалык өлчөмгө басым жасоо менен ЕККУнун Кыргызстандагы долбоордук программалык ишмердигинин алкагында кызматташтыкты ишке ашыруу, тереңдетүү жана кеңейтүү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2021-жылга карата Кыргызстан менен ЕККУнун кеңсесинин ортосундагы өз ара аракеттенүү жана кызматташтык маселелеринин кеңири спектрин жана кийинки кыска мөөнөттүү мезгиле карата перспективаларды талкуулашты.

Тактап айтканда, директор Э.Өмүралиев кыргыз тарап өлкөнүн аймактарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурарын белгилеп, аймактарды өнүктүрүүгө багытталган бир катар иш-чараларды белгиледи:

1. Ар бир регион үчүн соода-экономикалык паспортторду иштеп чыгуу жана сапаттуу инвестициялык долбоорлорду даярдоо;

2. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмин илгерилетүү.

Өз кезегинде элчи Пьер фон Аркс кеңсенин ишмердүүлүгү жана экономикалык өлчөмдө жүзөгө ашырылып жаткан долбоорлор жөнүндө кыскача маалымат берди.

Алсак, ал Кыргызстандын беш аймагында (Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас жана Ысык-Көл) ишкердүүлүктү колдоо борборлору (КББ) ачылгандыгын, анын алкагында бизнести колдоо боюнча активдүү иштер жүргүзүлүп жаткандыгын, өнүгүүгө багытталган ар кандай тренингдерди уюштуруу каралгандыгы тууралуу билдирди. Бул жаатта ал көрсөтүлгөн багыттарды ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү.

Жолугушуунун аягында 2021-жылга карата кызматташтыктын негизги багыттары аныкталып, Кыргыз Республикасы менен ЕККУнун ортосундагы кызматташтыктын бардык тармактарын күчөтүү зарылдыгы белгиленди жана төмөнкү иш-чараларды биргеликте жүзөгө ашыруу боюнча макулдашууга жетишилди:

а) КР өкмөтүнүн региондордогу ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү үчүн эл аралык стандарттарга жооп берген сапаттуу инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча тренингдерди уюштуруу, аларды Кыргызстандын чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрүндө андан ары илгерилетүү;

б) мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизминин алкагында долбоорлорду илгерилетүү.

Өнөктөштөрдүн жолугушуусу конструктивдүү маанайда өттү.

Пикир

Оставить комментарий