• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЕККУ ПА демократияны өнүктүрүү тармагында эң абройлуу орган болуп эсептелет - Өмүркулов

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.10.18. /Кабар/. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун парламенттик ассамблеясы демократияны өнүктүрүү тармагында эң абройлуу орган болуп эсептелет. Бул тууралуу ЕККУ ПАнын күзгү отурумунун жыйынтыктары боюнча маалымат жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү иш-чара Кыргызстан үчүн өтө маанилүү болуп саналат.

“Андан тышкары мен өлкө үчүн маанилүү болуп саналган коопсуздук маселелерин талкуулагандыгыбызды айткым келет. Кеп терроризм, экстремизм жана радикализм коркунучу тууралуу болду. Бул көйгөйлөр бүгүнкү күндө актуалдуу болуп саналат”, - деди ал.

Ошондой эле ЕККУ ПАнын алкагында чек арадагы чыр жана коркунуч маселелери каралды.

“Мындай иш-чара бизде биринчи ирет өтүп жатат. Коноктор уюштуруу ишине жана иш үчүн шарттардын түзүлгөнүнө канааттангандыктарын билдиришти”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий