• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЕККУ төрагасынын орун басары: “Миграциялык процесстер көңүл борборунда калууда”

Коом 0

Бишкек, 04.10.18. /Кабар/. Бүгүн, 4-октябрда “Борбор Азия жана анын тышындагы коопсуздук жаатындагы диалогго көмөк көрсөтүү” аттуу парламенттик конференциясынын “Жер ортолук деңизи форуму: Борбор Азия жана Жер ортолук деңизиндеги геосаясат: миграция, соода жана айлана-чөйрө көйгөйлөрүн чечүү” темасындагы экинчи сессиясын ЕККУнун төрагасынын орун басары, Жер ортолук деңизи боюнча ЕККУ ПАнын атайын өкүлү Паскаль Аллизал (Франция) ачты.

“Борбор Азия жана анын тышындагы коопсуздук жаатындагы диалогго көмөк көрсөтүү” аттуу парламенттик конференциянын алкагында Жер ортолук деңиз аймагындагы маселелер талкууланарын айткан П.Аллизар, аткезчиликке, экстремизмге, киберкылмыштарга каршы чечимдерди кабыл алып, миграциялык процесстерди жөнгө салуу боюнча орток келишимдерди келүү зарылчылыгын кошумчалады. Анын айтымында, көйгөйлөрдү чечүүдө парламенттик форумдар аркылуу тажрыйба алмашуу өтө маанилүү.

Ошондой эле Европадагы миграциялык процесстер көңүл борборунда калып жатканын айткан П.Аллизар: “Европадагы коопсуздук башка чөлкөмдөгү абалга көз каранды. 2015-жылы сегиз миллиондой адам Европага журт которгон. Бул жерден адамдар согуштан улам гана эмес, өлкөсүндөгү ар кандай басмырлоого байланыштуу да журт которорун белгилегим келет. Андыктан, аталган процессти жөнгө салуубуз кажет”, – деди.

Эскерте кетсек, бүгүн ЕККУ ПАнын конференциясынын жүрүшүндө “Ишенимди жана регионалдык кызматташууну бекемдөө жолу аркылуу чек ара аймактарындагы жаңы чакырыктар жана коркунучтар менен күрөшүү”, ошондой эле “Жер ортолук деңиз форуму - Борбордук Азия жана Жер ортолук деңиз геосаясаты: миграция, соода жана айлана-чөйрө көйгөйлөрүн чечүү” аттуу эки сессия өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий