• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

ЕККУнун башчысы Тажикстанга келди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.04.21. /Кабар/. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) төрайымы, Швециянын тышкы иштер министри Анн Линде иш сапары менен Тажикстанга келди.

Ал сапардын алкагында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана жарандык коом өкүлдөрү менен жолугары күтүлүүдө.

15-апрель күнү эртең менен Анн Линде Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддиндин кабыл алуусунда болду. Жолугушуу учурунда тараптар Швеция менен эки жана көп тараптуу кызматташуу маселелерин, ЕККУнун алкагында өз ара аракеттенүүнү талкуулашты. Чөлкөмдөгү жана Ооганстандагы кырдаал жөнүндө да кеп болду.

Өлкөгө ЕККУнун төрайымы келер алдында Тажикстандагы саясий туткундарды куткаруу боюнча комитет Анн Линдени тажик бийлигинен укук коргоочу Иззатулло Холовду (Иззат Амон) токтоосуз түрдө бошотууну талап кылууну сураган.

Комитет өз кайрылуусунда “Иззат Амон КОВИД-19 пандемиясы күчөп турган маалда өз өмүрүн жана ден соолугун тобокелчиликке салып, миңдеген тажик мигрантынын укугун коргогонун, Орусиядан Тажикстанга мыйзамсыз чыгарылганын жана камалганын” жазган.

Анн Линденин Борбор Азиядагы сапары 11-апрелде башталган жана бүгүн, 15-апрелде аягына чыгат. Буга чейин ал Казакстан менен Кыргызстанда болуп, президенттер жана жарандык коом өкүлдөрү менен жолуккан.

Пикир

Оставить комментарий