• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЕККУнун башкы катчысы иш сапары менен Кыргызстанга келет

Саясат 0

Бишкек, 06.02.23. /Кабар/. Вена шаарында Кыргызстандын Европадагы коопсуздук жана келишим уюмундагы туруктуу өкүлү Төлөндү Макеев башкы катчы Хельга Шмид менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

ЕККУнун башкы катчысынын ушул жылы Кыргызстанга пландалган расмий сапары жолугушуудагы талкуунун негизги темасы болду.

Башкы катчы Шмид 2023-жылдын биринчи жарымында Кыргызстанга расмий сапар менен келүү ниетин ырастады. Сапардын даталарын тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу кошумча макулдаша турган болду.

Жолугушууда ошондой эле ушул жылдын март айында Вена шаарында өтүүсү пландалган Климаттын өзгөрүшү боюнча ЕККУнун Жогорку деңгээлдеги конференциясынын маселелери козголду. Бул иш-чарага кыргыз тарабы активдүү катышууну көздөп жатат. Ушундан улам, ЕККУнун экинчи өлчөмүнүн алкагында жашыл экономика маселелерин илгерилетүү боюнча пикир алмашуу болду.

Башкы катчы Шмид өз кезегинде ЕККУнун Бишкектеги академиясынын дараметин жогору баалады жана анын ишмердүүлүгүн мындан ары дагы ар тараптуу колдой берерин ырастады.

Туруктуу өкүл менен башкы катчы уюмдун бардык үч өлчөмүндө тең конструктивдүү практикалык өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий