• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси ИИМге автоунааларды жана жабдыктарды тапшырды

Коом 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги программалык кеңсеси бүгүн, 5-август күнү Ички иштер министрлигине автоунааларды жана башка жабдыктарды тапшырды. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМ жаңы заманбап автоунааларды алды. Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысынын милдетин аткаруучу Сергей Сизов, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин кеңешчиси Шамшыбек Мамыров катышты.

Орозалиев ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесине материалдык-техникалык базаны бекемдөөгө кошуп жаткан салымдары үчүн ыраазычылык билдирген.

"Долбоордун алкагында тапшырылып жаткан кезектеги автоунаалар менен жабдыктар коомдук тартипти жана инсандын коопсуздугун сактоо, укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндө пайдаланылып, натыйжалуу жана максаттуу түрдө кылмыштуулук менен күрөшүүгө шарт түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Ички иштер министрлигине “ГАЗ 3302-1450” үлгүсүндөгү эки автоунаа (кармалган адамдарды ташуу үчүн транспорттук каражат), “Соболь Газ” үлгүсүндөгү үч кичи автобус (милициянын көчмө кабылдамасы) жана башка зарыл болгон жабдыктар тапшырылды.

Жаңы автоунаа каражаттары ИИОнун аймактык бөлүктөрүнө жөнөтүлүп, коомдук тартипти камсыздоо боюнча тапшырмаларды аткарууда натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. Автоунаалар заманбап жабдыктар менен камсыздалган. Алынган жардамдар коомдук тартипти камсыздоо жана кылмыштуулук менен күрөшүүгө багытталган ар кандай чечимдерди кабыл алууда ыкчамдуулукту жакшыртууга шарт түзөт.

Пикир

Оставить комментарий