• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси ИИМге медициналык коргонуучу каражаттарды тапшырды

Коом 0

Бишкек, 04.05.20. /Кабар/. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги программалык кеңсеси КР Ички иштер министрлигине медициналык коргонуучу каражаттарды тапшырды. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, дүйнөдө жана Кыргызстанда орун алган коронавирус илдетинин жайылышына байланыштуу ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси Ички иштер министрлигине атайын медициналык каражаттарын тапшырып, бир нече ирет жардамын көрсөтүп келген.

"ЕККУ бүгүн дагы кезектеги колдоосун көрсөтүп, атайын коргонуучу костюмдарды, беткап, дененин температурасын ченөөчү аспаптарын тапшырды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий