• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси ИИМге жабдыктарды жана жеке коргонуучу каражаттарды тапшырды

Коом 0

Бишкек, 09.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 9-сентябрда КР Ички иштер министрлигине ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси жабдыктарды жана жеке коргонуучу каражаттарды тапшырды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сотторду жана укук коргоо органдарын реформалоонун алкагында техникалык жардам көрсөтүү боюнча иш-чарага ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин Аскердик-саясий департаментинин полиция маселелери боюнча кеңешчиси Константин Бедарёв, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин кеңешчиси Шамшыбек Мамыров, улук программалык жардамчысы Самат Мурзалиев, КР ИИМдин Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги Нурбек Жангабылов жана ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматкерлери катышты.

ИИМдин УКЭКБнын начальниги Нурбек Жангабылов ЕККУга тапшырылган жабдыктар жана жеке коргонуучу каражаттар үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

“Бул жабдыктар КР Ички иштер министрлигинин техникалык инфраструктурасын өнүктүрөт деп толук ишенем”, - деди Нурбек Жангабылов.

Өз кезегинде Константин Бедарёв КР ИИМине колдоо көрсөтүп жаткандарына кубанычта экендигин билдирип, биздин бирдиктүү иштерибиз мындан ары дагы токтобостон, өнүгө берет деп баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий