• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси Финполдун ишиндеги оң натыйжаларды белгиледи

Коом 0

Бишкек, 09.12.20. /Кабар/. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтында (ЭККМК) төрага Сыймык Жапыкеевдин ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы, элчи Пьер фон Аркс менен жолугушуу болуп өттү.

Финполдун басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө 2020-жылдагы эки тараптуу кызматташуунун жыйынтыктары талкууланды.

Жолугушууну ЭККМКнын төрагасы Жапыкеев ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин өкүлдөрү менен учурашып, кызматташууну колдогондору жана даярдыгы үчүн ыраазычылык сөздөрү менен ачты, ошондой эле бүгүнкү күндө ЭККМКнын артыкчылыктуу милдеттери болуп мамлекеттин экономикалык коопсуздугун түздөн-түз коргоо, өлкөнүн бюджетин толтуруу, бизнести жана жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо санала тургандыгын белгиледи.

Жапыкеев ошондой эле ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы Пьер фон Аркска Финансылык полиция органдары менен жемиштүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди жана ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси эң ишенимдүү, узак мөөнөттүү, ошондой эле туруктуу өнөктөштөрдүн бири экендигин, көп ирет колдоо көрсөткөндүгүн белгилеп өттү.

Өз кезегинде, Пьер фон Аркс мырза ЭККМКнын ишмердигине байкоо жүргүзүп жаткандыгын жана кызматтын ишинде оң натыйжаларды көргөндүгүн белгилеп, ЭККМКнын төрагасы жана отурган кызматкерлери менен учурашты. Ошондой эле, ал Финансы полициясы органдары өлкөгө чет өлкөлүк инвестициялардын келиши үчүн жагымдуу шартты камсыз кылууда маанилүү ролду ойной тургандыгына макул жана финансылык тергөө жана экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында дараметти көтөрүү маселелеринде ЭККМКга колдоо көрсөтүү менен мындан аркы жемиштүү кызматташууга даяр экендигин тастыктады.

Жолугушуу бардык санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди сактоо менен өттү.

Пикир

Оставить комментарий