• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси ИИМдин окуу жайларына компьютерлерди берди

Коом 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен ЕККУнун Бишкек шаарындагы Программалык Кеңсесинин кызматташтыгынын алкагында ички иштер органдарынын окуу жайларына компьютердик техникаларды тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кызматкерлерди даярдоонун жана алардын квалификациясынын сапатын жогорулатуу максатында ЕККУнун Бишкек шаарындагы Программалык кеңсеси эки компьютердик классты түзүүгө акысыз жардам көрсөттү.

Алсак, ИИМдин Академиясын 20 компьютер жабдыктары жана 5 принтер менен камсыз кылды. ИИМдин Республикалык окуу борборуна 10 компьютердик жабдыктарды 3 принтер менен кошо беришти.

"Берилген компьютердик техника ички иштер органдарынын окуу жайларынын техникалык инфраструктурасын жогорулатат жана милиция кызматкерлерин окутууда, даярдоодо жана квалификациясын жогорулатууда колдонулат", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий