• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси ИИМге гуманитардык жардам көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 05.06.20. /Кабар/. Европа Коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги программалык кеңсеси КР Ички иштер министрлигине гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул ирет ЕККУ ИИМге жогорку сапаттагы атайын жеке коргонуучу костюмдарды жана беткаптарды тапшырган.

"ИИМдин кызматкерлери ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдиришти. Дүйнөдө жана Кыргызстанда орун алган коронавирус илдетинин жайылышына байланыштуу ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси Ички иштер министрлигине атайын медициналык каражаттарын тапшырып, бир нече ирет жардамын көрсөтүп келген", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий