• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси ИИМге техникалык жабдыктарды тапшырды

Коом 0

Бишкек, 28.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 28-февралда ички иштер министри Улан Ниязбеков менен ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы, элчи Алексей Роговдун жолугушуусу өттү.

ИИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси сот жана укук коргоо органдарын реформалоого техникалык жардам көрсөтүү иш-чарасынын алкагында техникалык жабдууларды Ички иштер министрлигине тапшырышты.

Аталган иш-чарага ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин полиция маселелери боюнча кеңешчиси Константин Бедарев, консультант Шамшыбек Мамыров, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин улук программалык ассистенти Самат Мурзалиев, министрдин орун басары Сүйүнбек Ниязбеков жана ИИМдин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Нурбек Жангабылов катышты.

Улан Ниязбеков элчиге көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирип, укук тартибин жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мындан аркы кызматташууга ишенимин билдирди.

Өз кезегинде, Алексей Рогов сот жана укук коргоо органдарын реформалоого техникалык жардам көрсөтүү иш-чарасынын алкагында ИИМди техникалык жактан колдоого мындан ары да көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий