• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЕККУнун өкүлдөрү КР Ички иштер органдарынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 13.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 13-майда Европадагы коопсуздук келишим уюмунун башкы катчылыгынын өкүлдөрү КР Ички иштер органдарын бир катар түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгү менен таанышуу экскурциясы болуп өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Атап айтканда ЕККУ өкүлдөрү ИИМдин Республикалык окуу борборунун, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жана Бишкек шаарынын ИИББнын ишмердүүлүгү менен таанышты.

ИИМдин Республикалык окуу борборунда конокторго спорт комплекси, ок атуу үчүн тир, кыска мөөнөттүү баштапкы даярдоо курстарынын угуучулары үчүн спорттук аянтча жана окуу аудиториясы көрсөтүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө ИИМдин Республикалык окуу борборунун начальниги Кылыч Кадыркулов ИИОго кызматка орношуп жаткан талапкерлерди даярдоодо окуу процессинин негизги багыттары, болочок милиционерлерди даярдоону өркүндөтүүнүн мерчемделген долбоорлору жөнүндө айтып берди.

Андан соң Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен таанышып, ал КР мыйзамдарында берилген баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыштарды табуу, алдын алуу, бөгөт коюу, иликтөө жана ачуу боюнча ишин жүргүзө тургандыгы тууралуу айтып берилди.

Жолугушуунун жүрүшүндө БМЖККК начальниги Уланбек Султанов ЕККУ менен эки тараптуу кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Андан соң коноктор Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгына барып, делегацияларга жаңыланган маалымат-борбору көрүшүп, материалдык-техникалык жабдуулар менен таанышышты.

Жолугушуунун аягында ЕККУнун Башкы Катчылыгынын өкүлдөрү укук коргоо ишмердигинде ар тараптуу кызматташууга, ошондой эле ИИОну реформалоодо жардамды кеңейтүү маселелерин кароого даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий