• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетке бир катар функциялар өткөрүп берилди

Өкмөт 0

Бишкек, 03.06.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө токтомго кол койду.

Документке ылайык, Экологиялык коопсуздукту камсыздоо, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чараларды күчөтүү жана климаттык тобокелдиктерди азайтуу максатында, Кыргыз Республикасынын президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 “Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндө” Жарлыгына, “Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети токтом кылат:

1.Төмөнкүлөр түзүлсүн:

1) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин базасында Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети төмөнкү функцияларды өткөрүп берүү менен:

- экология, айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык, анын ичинде радиациялык жана химиялык контролдоо чөйрөсүндөгү – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен;

- Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык конвенциясы боюнча милдеттенмелерди аткаруу боюнча ишти координациялоо – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен;

- Жашыл климаттык фонддогу Улуттук ыйгарым укуктуу органдын – Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинен;

- жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана айлана-чөйрөнү булгоо үчүн акы алуу, ошондой эле жаратылышты коргоо максаттарына каражаттарды жумшоону контролдоо, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин жөнгө салуу; CITES административдик органынын жапайы фаунанын жана флоранын жоголуу коркунучу алдында турган түрлөрүн эл аралык соодалоо боюнча конвенцияны (CITES) ишке ашыруу; биологиялык түрдүүлүктү сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу, аңчылык жана аңчылык чарбасы жаатындагы координация; жер жана суу ресурстарынын булганышын мамлекеттик контролдоо – Кыргыз Республикасынын Айыл, токой жана суу чарба министрлигинен;

2) Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Биотүрдүүлүктү жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоо департаменти;

3) Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу борбору;

4) Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Экологиялык мониторинг департаменти.

2.Мамлекеттик жаратылыш парктары тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Айыл, токой жана суу чарба министрлигинин карамагынан чыгарылсын жана Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин карамагына өткөрүп берилсин.

3.Төмөнкүлөр кайра аталсын:

- Кыргыз Республикасынын Климаттык каржылоо боюнча борбору Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин карамагына тиешелүү штатын, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттарын өткөрүп берүү менен Климаттык каржылоо боюнча борборго;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик (Кыргызгидромет) Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин карамагына тиешелүү штатын, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттарын өткөрүп берүү менен Гидрометеорология боюнча агенттикке (Кыргызгидромет);

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин карамагына өрт коопсуздугун камсыздоону мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын кошпогондо, тиешелүү штатын, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттарын өткөрүп берүү менен Экологиялык контролдоо мамлекеттик инспекциясына.

Документтин толук тексти менен бул шилтеме аркылуу таанышууга болот.

Пикир

Оставить комментарий