• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Экология жана климат боюнча мамкомитеттин 374 кызматкери эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 09.09.21. /Кабар/. КР Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин жалпы 374 кызматкери коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу комитеттин төрагасынын орун басары Канат Садыков.

Анын айтымында, Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча бардык чараларды кабыл алган.

“Комитеттин борбордук аппаратынан, түзүмдүк бөлүмдөрдөн, жалпысынан 374 кызматкер эмдөөдөн өттү. Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети жарандарды өз саламаттыгына кам көрүп, коронавирустук инфекцияга каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырат!”, - деди Садыков.

Пикир

Оставить комментарий