• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Экологиялык коопсуздукту камсыздоо максатында Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүнө тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 03.12.20. /Кабар/. Экологиялык коопсуздукту камсыздоо максатында Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүнө тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Мамэкотехинспекциянын Нарын шаары, Ат-Башы, Ак-Талаа , Нарын жана Тогуз-Торо райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын буйругунун негизинде, Кыргыз Республикасынын «Айлана чөйрөнү коргоо», «Жаныбарлар дүйнөөсүн коргоо», «Балык чарбасы», «Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу» жана «Кыргыз Республикасынын аймагында анчылык кылуу эрежелерин бекитүү» жөнүндөгү мыйзамдарынын талаптарын аткаруу боюнча башкармалыктын инспекторлору тарабынан Ат-Башы районунун алыскы Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүнө рейд жүргүзүлүп жатат.

Рейддик иш-чаранын жүрүшүндө мыйзам бузуу фактылары катталган жок жана жергиликтүү жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий