• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Экологиялык жактан таза айыл-чарба продукцияларыбыз атаандаштыкка туруштук бере алат - президент

Президент 0

Бишкек, 17.05.19. /Кабар/. «Өлкөнүн башкы багыттарынын бири – бул атамекендик экологиялык жактан таза агропродукциясын экспортко чыгаруу. Биз дүйнөлүк рынокто өзүбүздүн экологиялык таза азыктарыбыз менен атаандаштыкка туруштук бере алабыз», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-майда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында, Балыкчы шаарынын эли менен жолугушууда.

Жолугушууда Мамлекет башчысы коңшу өлкөлөр менен анын ичинде Кытай Эл Республикасынын рыногуна Кыргызстандын агропродукциясын чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн эске салды.

“Кыргызстанда чыгарылган” бренди менен экологиялык таза айыл чарба продукцияларын өндүрүү жана экспорттоо багытында иштер жүргүзүлүп жатат. Айыл чарба продукцияларын экспорттоо максатында кыргыз Өкмөтү тарабынан 2019-2020-жылдарга Токтом кабыл алынып, каражаттар бөлүнүүдө”, - деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий