• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эконом-класстагы социалдык турак жай курганга Германия 8,5 млн евро берет

Коом 0

Бишкек. 05.03.19 /Кабар/. Германиянын өкмөтү 2017-2018-жылдары эки тараптуу техникалык жана финансылык кызматташтык үчүн Кыргызстанга 40,1 млн евро өлчөмүндө гранттык каражат берет.

Экономика министри Олег Панкратовдун айтымында, гранттык каражаттын 8,5 млн евросу эконом-класстагы социалдык турак жайлардын курулушуна жумшалат.

"Социалдык турак жайларды өлкө аймагындагы 20 шаарында куруу долбоору пландаштырылууда. Ал үчүн алар Мамлекеттик ипотекалык компания менен келишим түзүлүүгө тийиш. Азырынча 7 шаар менен ушундай келишим түзүлдү", - деди министр.

Белгилей кетсек, Германия эки тараптуу кызматташтык алкагында Кыргызстанга жалпы жонунан 542 млн евро көлөмүндө каржылык жардам көрсөтсө, анын ичинде 344 млн евро гранттык каражат, ал эми калганы жеӊилдетилген насыя болуп саналат.

Эки жылдан бери жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы катары, Өкмөт парламенттен кезектеги 40 млн евро гранттык жардамды тездетип карап берүүнү өтүнүүдө.

Пикир

Оставить комментарий