• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Экономика министри АӨБнын КРдагы өкүлчүгүнүн башчысы менен кызматташтыкты талкуулады

Экономика 0

Бишкек, 10-апрель /Кабар/. КРнын Экономика министри Арзыбек Кожошев 2017-жылы 10-апрелде Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Кэндис МакДэйган менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун максаты 2018-2019-жылдарга өлкө боюнча операциялардын бизнес-планын, үстүбүздөгү жылга мүмкүнчүлүктөр жана тапшырмаларды, андан тышкары АӨБ тарабынан каржыланып жаткан операциялардын статусун талкуулоо болгон.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр министрлик АӨБ жүргүзүп жаткан республикадагы иштерди жогору баалай турганын белгилеп, азыркы учурда 2040-жылга чейин улуттук стратегия даярдалып жатканын маалымдады.

Ошондой эле, министр А.Кожошев КРнын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсүнүн ыңгайлашуу мезгили 2020-жылга чейин созуларын айтып, аталган багытка АӨБ тарабынан техникалык жардамдын маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Кэндис МакДэйган 2018-2019-жылдар аралыгына өлкө боюнча операциялардын бизнес-планы иштелип чыкканын билдирип, АӨБдин долбоорлорунун учурдагы статусун жана кийинки мезгилге кызматташтыктын пландары тууралуу маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий