• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Экономика министри Эфиопия элчиси менен бизнес жолугушууларды уюштурууну талкуулады

Экономика 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 16-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Эфиопиянын Федеративдик Демократиялык Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Адем Мохамед Махмуд менен жолугушту.

Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектрин, анын ичинде бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен бизнес жолугушууларды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода, инфраструктура, транспорт жана логистика тармагында эки тараптуу кызматташууну активдештирүүгө үмүттөнөрүн билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий