• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Экономика министри инвестициялык климаттын начарлашынын себебин атады

Экономика 0

Бишкек, 04.09.19. /Кабар/. Акыркы жылдары Кыргызстанда инвестициялык климат начарлады. Бул тууралуу КРнын экономика министри Санжар Муканбетов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Руслан Казакбаев өлкөнүн ири ишкерлеринин баардыгы өз капиталдарын чет өлкөгө чыгарып жатат деп билдирди.

Экономики министри баса белгилегендей, акыркы айларда чындыгында эле өлкөдө инвестициялык климат начарлады.

“Бул Кызыл-Омпол, Солтон-Сары кендеринин жана 10-август күнү өткөрүлгөн башка иш-чаралар менен байланыштуу. Мындай иш-чаралар өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугуна терс таасирин тийгизүүдө”, - дейт Муканбетов.

Пикир

Оставить комментарий