• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Экономика министри Кыргызстандын ИДПсынын көлөмүн кантип эки эсе көбөйтүү керектигин айтты

Экономика 0

Бишкек, 06.08.18. /Кабар/. Экономиканын көмүскө секторунун 50 пайызынын жарыкка чыгышы ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмүнүн тез темпте өсүшүн камсыздайт. Экономика министри Олег Панкратов сатуудан алынган салыкты 2 пайыздан 5 пайызга чейин жогорулатуу демилгесин түшүндүрүп жатып аталган мыйзам долбоору өлкөнүн ИДПсына кандай таасирин тийгизерин айтып берди.

Ал белгилегендей, Салык кодексине түзөтүү киргизүү жөнүндө сунуштун башкы максаты – салыктык келип түшүүлөрдү көбөйтүү эмес, көмүскөдөгү экономиканы кыскартуу.

“Мамлекет салык жүгүн азайтуу үчүн иштеп жатат. 2015-жылы сатып алуудан 7,5 миллиард сом салык жыйнаганбыз. Бул салыкты жокко чыгаргандан кийин 4 миллиард сом топтодук. Биздин милдетибиз ушул салыктын түшүшүн көбөйтпөө. Биздин милдетибиз – бул салыктын нөлдө болушу”, - деди Панкратов.

Ал белгилегендей, аталган мыйзам долбоору накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү менен көмүскөдөгү экономиканы кыскартууга багытталган. Эгерде бүгүнкү күндө накталай эмес төлөмдүн үлүшү 44,2 пайыз болсо, аталган мыйзам долбоорунун күчүнө кириши менен көрсөткүч бир нече жылдын ичинде 90 пайызга жетиши мүмкүн.

“Биздин алдыбызда башка максат турат – көмүскө сектордон ошол жакта иштегиси келген адамдарды алып чыгуу. Көмүскө сектордун 50 пайызын ак секторго алып чыгууну 3 жылдын ичинде ишке ашырсак, ИДПны эки эсе көбөйтө алабыз”, - деп кошумчалады министр.

Эске салсак, Улуттук статистика комитетинин акыркы маалыматтары боюнча Кыргызстанда акыркы айларда экономикалык өсүүнүн темпи жай болууда. Алдын ала эсеп көрсөткөндөй, үстүбүздөгү жылдын 6 айында ИДПнын көлөмү 213 миллиард 640,3 миллион сомду түзүп, 0,1 пайызга көбөйгөн. Өткөн жылдын ушул убагында ИДПнын өүшү 5,6 пайызды түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий