• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Экономика министри: Мигранттардын акча которуулары ИДПнын 30 пайызына барабар

Экономика 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Калктын эмгекке жарамдууларыөлкөдөн чыгып кетишүүдө. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин жыйынында КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Анын айтымында, акыркы беш жылда акча которуулар орто эсеп менен алганда ИДПнын 30%ын түзгөн (2016-2020-ж.ж.).

“Бул бүткүл өлкөнүн бюджетинин чыгашаларынан (2,1 млрд доллар) жана тикелей чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмүнөн бир кыйла жогору. Өлкөдө жаңы ишканаларды ачуу, кошумча айыл чарба аймактарын киргизүү, ирригациялык системаны жакшыртуу боюнча иштерди толук ишке ашыруу, кластерлерди түзүү аркылуу жаңы жумуш орундарын түзүү керек – ошондо биз бул ишти баштай алабыз”, - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий