• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Экономика министринин орун басары Алматыдагы БУУнун Башкаруу кеңешинин 17-сессиясынын ишине катышты

Экономика 0

Бишкек, 18.11.22. /Кабар/. Алматы шаарында (Казакстан) Кыргызстандын экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов делегациянын башчысы катары Борбордук Азиянын экономикасы үчүн (СПЕКА) Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкаруу кеңешинин 17-сессиясынын ишине катышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

СПЕКАга мүчө өлкөлөр аймактык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты жана COVID-19 пандемиясынын жайылышынын терс экономикалык кесепеттерин жоюу үчүн күч-аракеттерди бириктирүүнүн өзгөчө зарылдыгын белгилешти.

Ошону менен бирге жетектөөчү кеңештин алкагында СПЕКАнын трасттык фондун жана СПЕКАнын катчылыгын түзүүгө байланышкан маселелер каралды.

Жетектөөчү кеңештин мүчөлөрү СПЕКАнын тематикалык жумушчу топторунун алкагында Жетектөөчү кеңештин акыркы 16-сессиясынан бери жетишилген натыйжаларды белгилешти.

Иш-чаранын жыйынтыгында Алматы декларациясы жана SPECA Башкаруу кеңешинин 17-сессиянын чечими кабыл алынды.

Бул сессиянын алдында 2022-жылдын 16-17-ноябрында “Жашыл жана коопсуз келечек” темасына арналган Экономикалык форум өттү.

Форумдун алкагында энергетикага туруктуу өтүү жана санариптик трансформация, соодадагы процедуралык жана ченемдик тоскоолдуктарды жоюу, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, аймактык өз ара байланышты кеңейтүү, анын ичинде транспорт, логистика жана башка чөйрөлөрдө аймактык кызматташтыкты бекемдөө маселелери талкууланды жана тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий