• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Экономика министринин орун басары ЕАЭБде өнөр жай кооперациясын кеңейтүүнү талкуулоого катышты

Экономика 0

Бишкек, 27.04.22. /Кабар/. Кечээ, 26-апрелде КР экономика жана коммерция министринин орун басары Вероника Исаеванын катышуусунда Евразия экономикалык биримдигинде жарандык авиация тармагында өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүү видеоконференция режиминде өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө төмөнкү маселелер талкууланды:

- 2022-2023-жылдарга ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде жарандык авиация тармагында өнөр жай кооперациясын кеңейтүү боюнча “Иш-чаралар планын (“жол картасы”) ишке ашыруу жөнүндө;

- Евразия экономикалык биримдигинде жарандык авиация тармагында кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө;

- жарандык авиация тармагында өндүрүштүк кооперацияны уюштуруу боюнча иш-аракеттердин алгоритмин иштеп чыгуу.

Атап айтканда, министрдин орун басары Исаева белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкөдө долбоорлоо уюмдары сейрек кездешүүчү металлдардын олуттуу запастарын пайдаланууну эске алуу менен машина куруу, радиоэлектроника жана микроэлектрониканы чогултуу өндүрүштүк бөлүмдөрү үчүн жаңы өндүрүш ишканаларын локалдаштыруу маселелерин иштеп чыгууда.

Кыргыз Республикасы үчүн авиация тармагындагы өнөр жай кооперациясынын узак мөөнөттүү мүнөзүн түшүнүү менен жарандык жана атайын авиациялык өнөр жай тармагында биргелешкен өндүрүш аркылуу кызматташуу артыкчылыктуу болуп саналат.

Отурумдун жыйынтыгында Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегиясынын Төрагасы (Министр) Артак Камалян катышуучуларга ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий