• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Экономика министринин орун басары Кореядан келген делегация менен жолукту

Экономика 0

Бишкек, 14.10.21. /Кабар/. Бугүн, 14-октябрда Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Руслан Татиков 15-октябрда Бишкекте өтө турган кыргыз-корей өкмөттөр аралык комиссиясынын 4-жыйынына даярдык көрүүнүн алкагында Кореядан келген делегация менен жолукту.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууга Корея Республикасынын Тышкы иштер министрлигин өнүктүрүү максатында расмий жардам иштери боюнча бөлүмунүн башчысы Го Ёнг Голь жана “Кыргызстанда Корей эл аралык кызматташтык агенттигинин” (KOICA) директору Ли Жонг Су катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Р.Татиков KOICA аркылуу Кыргызстанга көрсөтүлгөн финансылык жана техникалык жардамды кыргыз тарап жогору баалай турганын белгиледи. Ал ошондой эле 2013-жылдын ноябрь айында Кыргызстан менен Кореянын өкмөттөрүнүн ортосундагы Гранттык жардам жөнүндө алкактык келишимге кол коюлгандан соң 2014-жылы Бишкекте KOICAнын өкүлчүлүгү ачылгандан кийин алынган жардамдын суммасы көбөйгөнүн айтты.

Тараптар 2021-жылы Кыргызстандын жакынкы 5 жыл ичинде Өнүктүрүү боюнча расмий жардамды алуу үчүн приоритеттүү өлкөлөрдүн тизмесине киришине байланыштуу КРда биргелешкен социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашыруунун зарылдыгын белгилешти.

Өз кезегинде Го Ёнг ​​Гол иштелип жаткан өлкөлөр аралык өнөктөштүк стратегиясы КР министрлер кабинети менен Корея өкмөтүнүн ортосундагы Гранттык жардам жөнүндө негизги макулдашууга кошумча макулдашуу маанилүү ролду ойной турганын белгиледи.

Ошол эле учурда, кореялык тарап KOICA менен кызматташуунун алкагында жакынкы келечекте төмөнкү 4 багыт аныкталганын белгиледи: экология, айыл чарба, мамлекеттик башкаруу жана ден соолук.

Тараптар ошондой эле Кореянын Экспорттук-импорттук банкынын кредиттик жардамынын алкагында Бишкекте жугуштуу оорулар ооруканасын куруу долбоорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Эскерте кетсек, эртең, 15-октябрда Бишкекте кыргыз-корей өкмөттөр аралык комиссиясынын 4-жыйыны өтөт.

Пикир

Оставить комментарий