• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Экономика министринин орун басары кыргыз-казак чек арасындагы абал тууралуу: Ал нерсе товар үчүн болгон каймана согуш

Экономика 0

Бишкек, 05.03.20. /Кабар/. Экономика министринин орун басары Элдар Алишеров Евразиялык экономикалык комиссиянын ички рыноктор, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча коллегиясынын мүчөсү (министр) Гегам Варданян жана жүк ташуучулар менен жолугушту.

Алишеровдун айтымында, Казакстандан чыккан жүктөргө эч ким тийбейт, эгер ал Кыргызстандын жүгү болсо токтотушат.

"Ал нерсе товар үчүн жүргөн каймана согуш болууда. Алар көрсөткөн статистикага ишенбейбиз. Алардын баары кысым менен түзүлгөн", - деди Алишеров.

Ал билдиргендей, бул нерсе транспорттук деңгээлдеги атаандаштык. Товар үчүн күрөш саясий рычагдарды колдонуу менен жүрүп жатат.

Жүк ташуучулардын айтымында, бул кырдаал эки жылдан бери уланып келе жатат. Жүк ташуучулардын бири айткандай, ал көп жылдан бери Кыргызстандан чыккан текстилди ташуу менен алектенип келет.

"Бардык документтер ордунда болсо да чек арада кармап турушат. Дыкат текшеришет. Айдоочуга кагаз берип, окугула дейт. Жетекчиликке жөнөтүү үчүн сүрөткө тартып алалы десек уруксат беришпейт. Бир нерсе таап чыгууга аракет кылышат. Акттардын 99%ы өзүнүн тууралыгын далилдеш үчүн ойдон чыгарылып түзүлгөн"- деди ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстан 2019-жылы ЕАЭБ алкагындагы жолугушуулар учурунда чек арада Казакстан тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөр ЕАЭБдин эрежелерин буза тургандыгын бир нече ирет көтөргөн.

Пикир

Оставить комментарий