• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Экономика министринин орун басары кытайлык компаниянын өкүлдөрү менен жолугушту

Экономика 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Кечээ, 3-мартта КР экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов кытайлык Zijin Mining компаниясынын делегациясы, "Алтынкен" ЖЧКсынын жана "Кыргызалтын" ААК жетекчилиги менен жолугушту. Бул туралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда жер казынасын пайдалануу жаатындагы инвестициялык долбоорлор боюнча ата мекендик компаниялар менен Zijin Mining Corporation ортосундагы кызматташуунун мүмкүн болуучу келечектүү багыттары талкууланды.

Маалымат үчүн: Zijin Mining Corporation алтын, цинк жана күмүш рудасын өндүрүү боюнча кытайлык тоо-кен казып алуу боюнча алдыңкы үч компаниянын бири. Superb pacific limited, Zijin Mining компаниясынын туунду компаниясы болуп, "Алтынкен" ЖЧКсынын 60% акциясына ээ.

Пикир

Оставить комментарий