• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Экономика министринин орун басары ТМУ инвестициялык фондун түзүү маселесин талкуулоого катышты

Экономика 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 15-мартта КР экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) жогорку кызмат адамдарынын ТМУ инвестициялык фондун түзүү маселеси боюнча онлайн жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министрдин орун басары фондду түзүү, анын ичинде башкаруу түзүмү, уставдык капиталы, ошондой эле ТМУ инвестициялык фондунун башкы кеңсесин жайгаштыруу жөнүндө макулдашуунун долбоору боюнча өз позициясын билдирди.

Ошону менен бирге фонддун башкы кеңсесин Бишкекке жайгаштыруу боюнча кыргыз тараптын так позициясы айтылды.

Маалымат үчүн: Түрк мамлекеттеринин уюму азыркы түрк мамлекеттерин бириктирген эл аралык уюм, анын негизги максаты мүчө мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат. Ал 2009-жылдын 3-октябрында уюштурулган. Уюмга Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстан мүчө.

Пикир

Оставить комментарий